Бактылуулуктун формуласы icon

3.0 by razi88


Jan 21, 2018

About Бактылуулуктун формуласы

English

Faith in human spirit, faith, morality and science, such as breeding

Адамдын жан дүйнөсү ыйман-ишеним, адеп-ахлак жана илим-билим сыяктуу асыл баалулуктарга муктаж эмеспи. Кызыгы ошол асыл баалулуктарды адамдарга адамдын өздөрүнөн чыккан чыгаандары өрнөк болуп үйрөтүп, кемтиктерди толуктап турат экен. Алла Тааланын элчиси:“ аалымдар – пайгамбарлардын мурасчылары” -, деп даана белгилеп айтып, бизге ыйык мурас сөз калтырбады беле. Убагында борбордук азиялык мусулмандарга кыргызстандык аалым уламалар да орошон кызмат кылып динди үйрөтүп кетишкен болсо, эми ушул жаңы таңда да элибиздин уучу куру болбой татыктуу жаш муун аалымдарыбыздын чыгып жатканы өтө кубандырат. Чубак Ажы Жалилов устазыбыз менен жаштайыбыздан дин илиминин кенин бирге казып, дин үчүн, эл үчүн даңгыр жолго бирге чыктык эле. Чубак ажы студент кезинде эле китепти колунан түшүрбөй илим-билимге ынтызарлыгы башкалардан өзгөчөлөнүп турган, талбай көп окугандыгы менен таанылган эле. Ажыкем пайгамбарыбыздан мурас калган дин илимин Меккеден да ийгиликтүү окуп бүтүрүп келип азыр Ала-Тоо элине мүрөк суусундай кылып сунууда. Улуу устаздарыбыздан илим алып баштаган Чубак ажыкем Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи болуп турган учурларында да алгылыктуу иш алып барганына бардыгыбыз күбөбүз. Учурда бир топ шакирттерди тарбиялап өстүрүп, Алла Тааланын жолунда жалпы элге кызмат кылып жатат.

Сыналгыдан, гезит бетинен түшпөй маанилүү маселелерди кулака жагымдуу жорго тил менен кыргыздын учкул сөздөрү, макал-ылакаптары менен куюлуштура түшүндүрүшү анын башкалардан өзгөчөлөнтүп турат. Сөз келген жерде Манас дастанынан жана бай элдик мурастардан мисал келтирип тим болбостон чыгыш-батыштын илимий теорияларын жаңгактай чагып чындык жана бактылуулуктун динден гана табылаарын таасын көрсөтүп элдин дин илимине болгон моокумун кандырып келет. Манас дастанында дагы Акбалта Чубакты 12 жашында молдого кармап берип окутуп анан Меккеге окууга жөнөтүп беш жыл ал жакта билим алдырганы бяндалган болсо, эми бул азыркы Чубак ажыкемдин атына дагы куп келип, атына заты жарашып дегендей төп чыгып тургандыгы баарыбызды курсант кылат.

Колуңуздагы китеп ажыкемдин алгачкы жазган макалаларынан топтолуп, эл кызыктырган түмөн-түрдүү суроолорго жооптору менен бириктирилип басылып отурат. Мунусун Кудай Таала куп кылып мусулмандарга жакшы маанай тартуулай берсин демекчибиз. Акыретке чейин достугубузду бекемдеп, элибизге бирге кызмат кылуубузду насип этип, чыныгы дүйнөдө Хабиби Мустафа Расулуллах менен чогуу коңшу болушубузду буйруса экен деген жакшы санаа дуба-тилектерим менен...

Кыргызстан Мусулмандарынын

азирети муфтийинин орун басары

Замир Ракиев.

Макалалар:

Бактылуулуктун формуласы

Акыр заман

Аманат шайлоо,... тагыраагы «тандоо»...

Эмне кылуу керек?

Көзү ачыктар аалам сырларыбы?... же шайтандын ырларыбы

Дубаңыз кабыл болсун!

Жетинин бирисиңби?

Зордуктун түбү кордук

(СМС) талак түшөбү?

Карын эне кайгысы... Же ижаарага алынган жатын маселеси

Курман айт жана Курмандык чалуу

Падышага осуят

Абийир ачылгандан кийин, адепке жол барбы...?

Сүткордук туурасында

Куран окусак болобу, тууганым?

Нооруз боюнча кеп

Көк бөрү арамбы?

Бактылуулуктун формуласы

Акыр заман

Аманат шайлоо,... тагыраагы «тандоо»...

Эмне кылуу керек?

Козу ачыктар аалам сырларыбы?... же шайтандын ырларыбы

Дубаныз кабыл болсун!

Жетинин бирисинби?

Зордуктун тубу кордук

(СМС) талак тушобу?

Карын эне кайгысы... Же ижаарага алынган жатын маселеси

Курман айт жана Курмандык чалуу

Падышага осуят

Абийир ачылгандан кийин, адепке жол барбы...?

Суткордук туурасында

Куран окусак болобу, тууганым?

Нооруз боюнча кеп

Кок бору арамбы?

What's New in the Latest Version 3.0

Last updated on Jan 21, 2018

Minor bug fixes and improvements. Install or update to the newest version to check it out!

Translation Loading...

Additional APP Information

Latest Version

Request Бактылуулуктун формуласы Update 3.0

Uploaded by

Ahmed Rimilo

Requires Android

Android 4.0+

Show More

Бактылуулуктун формуласы Screenshots

Comment Loading...
Languages
Languages
Searching...
Subscribe to APKPure
Be the first to get access to the early release, news, and guides of the best Android games and apps.
No thanks
Sign Up
Subscribed Successfully!
You're now subscribed to APKPure.
Subscribe to APKPure
Be the first to get access to the early release, news, and guides of the best Android games and apps.
No thanks
Sign Up
Success!
You're now subscribed to our newsletter.